19-сентябрь — Улуттук тазалык күнү!
Ушул күнгө карата Багыш айыл аймагында айлана-чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уюштурулат.
Иш-чара 19-сентябрда саат 09:00дө башталат.
📍 Жалпы чогулуу жери: Багыш айылы, жалпы чогулуу аянты.
Бардык мекеме-ишканаларды, билим берүү мекемелерин, жаштарды жана айыл тургундарын тазалык акциясына активдүү катышууга чакырабыз.
Ар бирибиз жашаган көчөбүздү, короо-жайыбызды жана айлана-чөйрөбүздү таза кармоого салым кошолу.
🌿 Тазалык — ден соолуктун булагы!
☀️ Таза Багыш — таза келечек!
19-сентябрь | 09:00
Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтү
