Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 1-июлунан тартып «Бала ырысы» аттуу жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизилет. Бул жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнөт.
Жөлөкпулдун өлчөмү — айына 1 200 сом.
Жөлөкпул кимдерге берилет?
«Бала ырысы» жөлөкпулу төмөнкү шарттарга жооп берген балдарга дайындалат:
- 2023-жылдын 1-августунан кийин төрөлгөн балдарга;
- баланын жеке идентификациялык номери (ПИН) болгон учурда;
- бала жөлөкпул алуучу ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү менен бирге жашаган учурда.
Эгерде эгиз же андан көп бала төрөлсө, жөлөкпул ар бир балага өзүнчө дайындалат.
Маанилүү: «Бала ырысы» жөлөкпулу башка социалдык төлөмдөр менен бир убакта төлөнүшү мүмкүн. Бирок бул жөлөкпул «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына» берилүүчү жөлөкпул менен бир убакта дайындалбайт.
Керектүү документтер
Жөлөкпулду дайындоо тартибин жөнөкөйлөтүү максатында төмөнкү негизги маалыматтар талап кылынат:
- арыз берүүчүнүн, башкача айтканда ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана анда көрсөтүлгөн ПИН;
- арыз берүүчүнүн жашаган же убактылуу турган жери тууралуу маалымат;
- жөлөкпул которула турган банктык эсеп.
Арызды кантип берсе болот?
«Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн арыз төмөнкү жолдор менен берилет:
- «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө;
- жашаган же турган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу аркылуу.
Маанилүү маалымат
Жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон маалыматтар мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы — «Түндүк» аркылуу алынат. Бул жарандардан көп сандагы документтерди чогултууну талап кылбастан, төлөмдөрдү дайындоо жол-жобосун жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
Ушуга байланыштуу жарандарга өздөрүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн маалыматтарын өз убагында тактап, актуалдаштырып туруу сунушталат. Так жана санариптештирилген маалыматтар жөлөкпулду өз убагында дайындоого жана мамлекеттик колдоону натыйжалуу көрсөтүүгө шарт түзөт.