You are currently viewing Урматтуу Багыш айыл аймагынын тургундары!

Урматтуу Багыш айыл аймагынын тургундары!

19-сентябрь — Улуттук тазалык күнү!

Ушул күнгө карата Багыш айыл аймагында айлана-чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уюштурулат.

Иш-чара 19-сентябрда саат 09:00дө башталат.

📍 Жалпы чогулуу жери: Багыш айылы, жалпы чогулуу аянты.

Бардык мекеме-ишканаларды, билим берүү мекемелерин, жаштарды жана айыл тургундарын тазалык акциясына активдүү катышууга чакырабыз.

Ар бирибиз жашаган көчөбүздү, короо-жайыбызды жана айлана-чөйрөбүздү таза кармоого салым кошолу.

🌿 Тазалык — ден соолуктун булагы!
☀️ Таза Багыш — таза келечек!

19-сентябрь | 09:00
Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтү