Багыш айыл аймагында жаш муундун катышуусунда “Коррупция балдардын көз карашында” аттуу видеороликтер даярдалды.
Бул видеолор аркылуу окуучулар коррупцияга болгон өз ойлорун, түшүнүгүн жана коомго болгон көз карашын чыгармачылык менен чагылдырышты. Ар бир роликте адилеттүүлүк, чынчылдык жана таза коом куруу идеялары өзгөчө мааниге ээ болду.
Балдардын айтымында, коррупция — бул адилетсиздик, ал эми ага каршы күрөш ар бир адамдан башталат.
Видеороликтердин негизги максаты — жаш муунда коррупцияга каршы аң-сезимди калыптандыруу, мыйзамдуулукту урматтоого тарбиялоо жана коомдук жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.
Мындай демилгелер келечек муундун таза, адилет жана жоопкерчиликтүү жаран болуп калыптанышына чоң салым кошот.
Багыш айыл өкмөтү бардык жарандарды коррупцияга каршы биргелешип күрөшүүгө чакырат!