You are currently viewing Багыш айыл аймагында мектеп окуучулары менен район прокурорунун жолугушуусу өттү

Багыш айыл аймагында мектеп окуучулары менен район прокурорунун жолугушуусу өттү

«Кылмышкер болуп төрөлбөйт, аны коом тарбиялайт» аталышындагы иш-чара Ж. Бөкөнбаев атындагы мектеп комплексинде уюштурулуп, ага Сузак районунун акиминин орун басары Асел Сансызбаева, райондук социалдык өнүктүрүү жана миграция башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Асылбек уулу, район прокурору Таалай Айбашев жана Сузак РИИБ кызматкерлери жана Багыш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатын иш алып барган туруктуу жумушчу топтун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууга айыл аймактагы 9 мектептен 10–11-класстын 200дөн ашык окуучусу катышып, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо маселелери талкууланды

Адистер өспүрүмдөргө мыйзам бузуу кандай кесепеттерге алып келерин түшүндүрүп, иш-чара ачык жана эркин форматта өттү. Окуучулар суроо берип, өз ойлорун билдирип, активдүү катышкандарга кызыктыруучу белектер тапшырылды

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө ата-энелер да катышып, аларга үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуужана бала тарбиясына көңүл буруу, алардын оюн угуу жана колдоо көрсөтүү боюнча сунуштар айтылды

Укук коргоо органдары мындай алдын алуу багытындагы жолугушуулар мындан ары да райондун башка айыл аймактарында улантыларын билдиришти