You are currently viewing ӨНҮККӨН АЙЫЛ ЧАРБА – ӨЛКӨНҮН КҮЧҮ!

ӨНҮККӨН АЙЫЛ ЧАРБА – ӨЛКӨНҮН КҮЧҮ!

Урматтуу Багыш айыл аймагынын тургундары!
2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өлкө боюнча айыл чарба каттоосу жүргүзүлөт.

📌 Каттоо иштери Багыш аймактык башкармалыктарында жүргүзүлөт.
Андыктан өлкө боюнча старт алган бул маанилүү өнөктүккө активдүү катышууга жана маалыматтарды так жана ишенимдүү берүүгө чакырабыз. Бул үчүн өзүңүздөр жашаган аймактык башкармалыктарга кайрылыңыздар жана каттоодон өтүңүздөр.

📌 Айыл чарба каттоосу – өлкөнүн айыл чарба тармагынын учурдагы абалы жөнүндө так маалымат алуу максатында өткөрүлөт. Каттоо учурунда жарандардын жеке жана мамлекеттик чарба жерлери, мал-жандыктары, айыл чарба техникасы жана жабдуулары, ошондой эле айыл чарба өндүрүшү менен алектенген чарбалардын абалы тууралуу маалыматтар такталат.

📌 Кошумчалай кетсек, айыл чарбасын каттоо биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт. Бул өнөктүк БУУнун статистикалык комиссиясынын сунушу менен өткөрүлүүдө.

🖊 Багыш айыл окмоту