Багыш айыл аймагынын Кедей-Арык айылында жаңыдан асфальт төшөлгөн Токтосун Турдукулов көчөсү салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Сузак районунун акими Дамир Кулубаев, Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Элдос Таев, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл тургундары жана аталган көчөгө ысымы берилген маркум Токтосун Турдукуловдун жакындары катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Сузак районунун акими Дамир Кулубаев акыркы жылдары райондо ички жолдорду жакшыртуу багытында ири иштер жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Сузак районунда жыл сайын 80 чакырымдан кем эмес ички жолдорго асфальт төшөлүп, мындай долбоорлор аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, экономиканын өсүшүнө жана элдин жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.
Жаңыланган жолдун узундугу 970 метрди, туурасы 4,5 метрди түзөт.
Долбоордун жалпы наркы 7 437 068 сом болду. Анын ичинен 4 438 010 сом дем берүүчү гранттын эсебинен, ал эми 2 999 058 сом жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы катары каржыланды.
Жаңы асфальт жолдун пайдаланууга берилиши Кедей-Арык айылынын тургундары үчүн чоң жеңилдик жаратып, унаа каттамын жакшыртууга жана айыл ичиндеги кыймылды ыңгайлуу кылууга шарт түзөт.
Багыш айыл аймагында калкка ыңгайлуу шарт түзүү, ички жолдорду оңдоо жана инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.



