Багыш айыл аймагынын Ленин айылындагы Абдыракман Исманов көчөсүнө жаңы асфальт төшөлүп, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Сузак районунун акими Дамир Кулубаев, Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Элдос Таев, айылдык кеңештин төрагасы Курстанбек Кулмамбетов, аксакалдар, жергиликтүү тургундар жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Жаңыланган көчөнүн узундугу 895 метрди, туурасы 4,5 метрди түзөт. Долбоордун жалпы наркы 7 509 019 сом болду. Анын ичинен 4 438 010 сом дем берүүчү гранттын эсебинен, ал эми 3 071 009 сом жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы катары каржыланды.
Курулуш иштерин «Абый» жоопкерчилиги чектелген коому сапаттуу аткарып, көчө заманбап талаптарга ылайык пайдаланууга берилди.
Жаңы жолдун ачылышы айыл тургундары үчүн чоң жеңилдик жаратып, транспорт каттамын жакшыртууга, калктын күнүмдүк жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган маанилүү иштердин бири болуп саналат.
Багыш айыл аймагында инфраструктураны жакшыртуу жана айылдардын жол шарттарын оңдоо боюнча иштер мындан ары да улантылат.





