You are currently viewing Энелер күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду

Энелер күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду

Айыл өкмөтүнүн жана маданият үйүнүн кызматкерлери Сузактагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде жашаган жарандардан кабар алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө тургундардын көңүлүн көтөрүү максатында Энелер күнүнө арналган атайын концерттик программа тартууланып, белектер тапшырылды.

Майрамдык жолугушуу жылуу маанайда өтүп, мекемеде жашаган энелерге жана улуу муундагы жарандарга өзгөчө көңүл бурулду. Концерттик программада обондуу ырлар жаңырып, ак тилектер айтылды.

Ошондой эле социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кытай компаниясы тарабынан материалдык жардам катары 50 000 сом өлчөмүндө акчалай жардам тапшырылды.

Айыл өкмөтү мындан ары да улгайган жарандарды колдоого багытталган иш-чараларды уланта бермекчи.