Муниципалдык менчик жерлерди натыйжалуу пайдалануу максатында Багыш айыл өкмөтү төмөнкү мүнөздөмөлөргө ээ муниципалдык бош жер тилкесин конкурс (сынак) аркылуу 10 жылдык мөөнөткө ижарага берерин маалымдайт:
- Жайгашкан жери: Багыш айыл аймагы, Жыгач-Коргон айылынын түндүк тарабы
- Объект: Көк-Арт дарыясынын сол жээгиндеги №202 контур
- Аянты: 1,5 гектар
- Максаты: таш майдалоочу (дробилка) завод куруу
Конкурсту өткөрүү орду
- Дареги: Багыш айыл өкмөтүнүн имараты
Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү
- Акыркы күнү: 2025-жылдын 25-декабрына чейин
- Иштөө убактысы: күн сайын саат 10:00дөн 16:00гө чейин
- Арыздарды кабыл алуу жери: Багыш айыл өкмөтүнүн имараты
Конкурска катышуу үчүн талап кылынган документтер
Катышуучулар төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
- Белгиленген формадагы арыз
- Паспорттун көчүрмөсү
- Кепилдик төлөм төлөнгөнүн тастыктаган квитанциянын көчүрмөсү
- Эгер документтер өкүл аркылуу тапшырылса:
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат,
- өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү
Арыз берүүчүлөр ар бир лот боюнча кепилдик төлөмдү кассага төлөп, тиешелүү квитанцияны алуу менен гана конкурска катыша алышат.
Кошумча маалымат
Бардык кызыккан тараптар кошумча маалыматты Багыш айыл өкмөтүнүн имаратынан Жер маселеси боюнча жооптуу кызматкерлерден ала алышат.
Жер комиссиясынын төрагасы: Адылбек уулу Б.