Шайлоо эрежелери жана «Бир шайлоочу – Бир добуш» принциби
Шайлоо – ар бир жарандын укугу жана жоопкерчилиги. Ар бир добуш айылдын жана өлкөнүн келечегине түз таасир этет.
Негизги эрежелер
- Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет.
- Добуш берүү купуя сакталат.
- Шайлоочу тизмеде болуп, паспорту менен катталат.
- Ар шайлоочу бир гана бюллетень алат.
- Бюллетень талапка ылайык туура толтурулушу керек.
«Бир шайлоочу – Бир добуш» деген эмне?
- Ар бир жаранга бир гана добуш берилет;
- Добуштардын так, туура эсептелишин камсыз кылат;
- Шайлоонун жыйынтыгында элдин чыныгы тандоосу чагылат.
Сенин добушуң – сенин келечегиң!