Багыш айылында жаңы билим ордосу ачылды — Президент Садыр Жапаров онлайн катышкан салтанаттуу азем өттү.
Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында бүгүн чоң жакшылык болуп өттү.
Багыш айылында жайгашкан Т. Арзыкулова жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктап, салтанаттуу ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өткөрүлдү.
Жаңы окуу жылынын башталышында мектеп окуучулары жана мугалимдер жамааты үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап билим ордосу 1-сентябрга толук даяр болду.
Салтанатка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Тугойбеков, Багыш айылдык кеңешинин төрагасы К. Кулмамбетов жана жергиликтүү тургундар катышып, кызыл лентаны кесүү аземи менен жаңы имараттын ичин көрүп чыгышты.
Бул долбоор Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга чоң салым кошот.


