You are currently viewing Багыш айыл аймагында “Энелер күнү” салтанаттуу белгиленди

Багыш айыл аймагында “Энелер күнү” салтанаттуу белгиленди

Багыш айыл өкмөтүндө салтка айланган “Энелер күнү” майрамы жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. Бул жылы аталган майрам 19-май күнү Октябрь айылында чоң салтанат менен өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат бөлүнүп, энелер үчүн сый тамак уюштурулуп, ардак менен белектер тапшырылды. Майрамдык иш-чарада айыл тургундары, жергиликтүү жетекчилер жана меймандар катышып, энелерге болгон ыраазычылыктарын билдиришти.

Майрам жүрүшүндө маданий концерттик программа тартууланып, ар бир эненин үй-бүлөдө жана коомдо ээлеген орду дагы бир жолу баса белгиленди.

Багыш айыл өкмөтү бардык энелерди майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайт!