📍 Багыш айыл өкмөтү
📅 2025-жылдын 9-майы
2025-жылдын 9-май күнү Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Салтка айланып калган Жеңиш парады быйыл да айылдагы мекеме-ишканалардын, билим берүү уюмдарынын жана коомчулугунун кеңири катышуусунда уюштурулду. Иш-чаранын алкагында согуш ардагерлеринин элесине арналган эстеликтерге гүл чамбарлар коюлуп, ыйык салт улантылды.
Майрамдык иш-чараны Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Тугойбеков Нурсултан Тугойбекович ачып, жалпы элди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, тарыхый күндүн маанисине токтолду.
Ошондой эле иш-чарага Багыш айылдык кеңешинин төрагасы Кулмамбетов Курстанбек Мамасыдыкович жана айылдык кеңештин депутаттары катышып, келген жарандарды куттуктоо сөздөрүн жолдошту.
Бул майрам — мекен үчүн башын сайган ардагерлерге болгон терең урматтын, эл биримдигинин жана тынч жашоонун символу катары белгиленди.
📣 Учурдан пайдаланып, жалпы кыргыз элин Улуу Жеңиштин 80 жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Тынчтык, береке жана бакубат жашоо ар дайым жолдошуңуз болсун!



