Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 101 жаштагы Мамасали Джумаев аксакалга 9-май – Жеңиш күнүнө карата өзгөчө көңүл бурулду.
📅 2025-жылдын 25-апрели
📍 Багыш айыл өкмөтү, Сузак району
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 101 жаштагы Мамасали Джумаев аксакалга 9-май – Жеңиш күнүнө карата өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Багыш айыл өкмөтүнө келип, кан майданда эрдик көрсөткөн ардактуу аксакалдын абалынан кабар алды. Министр ардагер менен жеке баарлашып, анын саламаттыгына, жашоо шарттарына кызыгып, терең ыраазычылыгын билдирди.
Министрдин сапарына Сузак районунун акими Бакыт Сыдыкназаров баштаган райондук жетекчилер коштолуп келишти. Алар Мамасали абага белектерин тапшырып, куттуктап, меймандын көңүлүн көтөрүштү.
Ардагерди эстеп, кадырлап, сый көрсөтүү – бул келечек муундарга тарбия, мекенчилдикке үндөгөн чоң иш. Мамлекет өкүлдөрүнүн мындай иш-аракеттери коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынууда.




