Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Түгөйбеков Нурсултан Түгөйбековичтин майрамдык куттуктоосу.
Урматтуу Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы ак элекчен энелер,ак жоолукчан апалар,эжелер,карындаштар сиздерди кирип келе жаткан 8-март аялдардын эл аралык жаз майрамы менен куттуктаймын.
Табият аялдарга сулуулукту жана жан дүйнөнүн назиктигин, акылмандыкты жана чыдамкайлыкты тартуулаган.Жаздын алгачкы гүлдөрүнүн жаңы жыпар жыты сиңген, ыраазычылыкка жана силердин жакын адамдарыңардын камкордугуна бөлөнгөн майрамыңардын сыйкырлуу чөйрөсү силерди ар дайым курчап турсун! Силерге сүйүү, чың ден соолук, бакубат жашоо, жан дүйнөдөгү шайкештик, жазгы жайдары маанай каалайбыз!Сиздерди урматтоо менен,
Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Түгөйбеков Нурсултан Түгөйбекович.