Эми айыл тургундары зордук-зомбулукка кабылса же ага күбө болсо, түз эле тиешелүү кызматтарга кайрылуудан мурда бул комитетке кабар берсе болот. Бул — көйгөйдү жеринде, ыкчам жана туура чечүүгө жардам берет.
Комитеттин төрайымы болуп айыл өкмөтүнүн кызматкери Бактыгүл Каипова шайланды.
Бүгүн тиешелүү кызматкерлер айыл тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, комитеттин иши жана максаттары тууралуу кеңири маалымат беришти.
Урматтуу тургундар!
Эгер сиз үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, кайдыгер болбоңуз!
Бизге кайрылыңыз же төмөнкү номерге кабар бериңиз:
+996 776 623 107
Ар бир үй-бүлө — коопсуздук жана тынчтыктын мекени болушу керек!
