You are currently viewing Коррупцияга каршы иш-чара өткөрүлдү

Коррупцияга каршы иш-чара өткөрүлдү

Багыш айыл аймагында коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү максатында түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга коррупциянын зыяндуулугу, анын коомго тийгизген терс таасири жана мыйзам чегинде жоопкерчилик каралары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер үчүн ачык-айкын иш алып баруу, адилеттүүлүк жана жоопкерчилик принциптерин сактоо маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйындын алкагында жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн ишеним телефону иштеп жатканы дагы эске салынды — бул боюнча тиешелүү буйрук менен жооптуу кызматкер бекитилген

Мындай иш-чаралар жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууга, мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана коомдо коррупцияга каршы туруктуу позицияны калыптандырууга багытталган.

Багыш айыл өкмөтү бардык жарандарды мыйзамдуулукту сактоого жана коррупцияга каршы биргелешип күрөшүүгө чакырат!