Бүгүн Багыш айыл өкмөтүндө айылдык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясы өттү.
Жыйында 2025-жыл ичинде аткарылган иштер кеңири каралып, эл өкүлдөрү айыл өкмөт тарабынан жасалган жумуштарды жогору баалап кабыл алышты.
Анда төмөнкү багыттар боюнча аткарылган иштер талкууланды:
- инфратүзүмдү жакшыртуу;
- калкка көрсөтүлгөн кызматтар;
- социалдык-экономикалык өнүгүү багытындагы иш-чаралар.
Ошондой эле 2026-жылга карата бюджет маселеси каралып, келерки жылга пландар жана артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Депутаттар бюджетти бекитүүнү пландап, алдыдагы иштерди натыйжалуу жүргүзүүгө багыт алышты.
Жыйын соңунда эл өкүлдөрү аймактын өнүгүүсү үчүн биргелешип иш алып баруу зарыл экенин белгилешти.
Айылыбыз үчүн жасалып жаткан иштер мындан ары да улантылат!




