Октябрь айылындагы негизги 5 көчөнүн тургундары эми сутка бою таза ичүүчү суу менен камсыз болду. Буга чейин суу белгилүү убакыттарда гана берилчү.
Маселенин чечилиши үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана Сузак райондук өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, заманбап скважина орнотулду.
Жаңы скважина саатына 50 тонна артезиан суусун 200 метр тереңдиктен чыгарып, калкка жеткирип жатат.
Учурда айыл аймакта дагы 2 скважинанын курулушу жүрүүдө. Жалпысынан Багыш аймагында 50гө жакын суу скважинасы бар, алардын айрымдары союз мезгилинде курулуп, капиталдык оңдоого муктаж. Акыркы жылдары жергиликтүү бийлик аларды жаңылоого басым жасап келет.
Бул иш-чаралардын баары Багыш айыл аймагынын эли таза жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз болушу үчүн жасалууда.


