You are currently viewing Октябрь айылында Нурислам Карыбеков атындагы күрөш залынын курулушу жүрүп жатат

Октябрь айылында Нурислам Карыбеков атындагы күрөш залынын курулушу жүрүп жатат

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Октябрь айылында Баткен облусундагы кандуу кол салууда каза болгон жоокер Нурислам Карыбековдун ысымын алып жүргөн күрөш (борцовский) залынын имараты курулууда.

Имараттын узундугу 18 метр, туурасы 12 метрди түзөт.
Бул курулуш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Эл үчүн жанын берген жоокердин ысымы өчпөй, келечек муундар үчүн эрдиктин жана мекен сүйүүнүн символу болуп сакталып калмакчы.