Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жыгач-Коргон айылында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин каржылоосу менен Жолдош Молдо көчөсүнө 1350 метр аралыкка асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чара айыл тургундарынын күнүмдүк жашоосун жакшыртууга жана транспорттук каттамды ыңгайлуу кылууга багытталган.
Эл үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, айылдын келбети жаңыланып жатат.


